Бүгүн Кыргызстан менен Ирандын футбол курамаларынын беттеши өтөт

Бүгүн 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Иран менен беттешет. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, оюн аталган мамлекеттин Исфахан шаарына жакын 15 миң көрүүчүгө ылайыкташкан Фуладшехр стадионунда өтөт.

 

Эске салсак, 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу үчүнчү раундга жолдомо камсыздап, 2027-жылкы Азия кубогуна дагы чыкты.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.