Бишкекте бүгүнтөн тарта 3 автобустун каттамы убактылуу өзгөрдү. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, №102, 145 жана 169-автобустар Горький көчөсү менен эмес, Медеров көчөсү аркылуу жүрөт.
Убактылуу өзгөртүүлөр Горький көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.