Чүй облусу Кыргызстан калкынын эң жыш жайгашкан аймагы

Чүй облусу Кыргызстан калкынын эң жыш жайгашкан аймагы.

 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2022-жылкы Эл каттоонун жыйынтыгы тууралуу отчётунда жазылган. Чүйдө өнөр жай ишканалары көп жана айыл чарбасы өнүккөндүктөн калк жыш жайгашкан. Мында Бишкек шаарынын тургундарын кошкондо жалпы калктын 31,4 пайызы жашап, 1 чарчы чакырымга 107 адам туура келет.

 

Салыштыра турган болсок, Ош облусунда – 61 адам, Жалал-Абадда – 38, Баткенде 33, Таласта 24, Ысык-Көлдө 12 жана эң төмөн көрсөткүч Нарында, 1 чарчы чакырымда болгону 7 киши жашайт.