Президент Садыр Жапаров Россия менен Кыргызстанда 9 мектептин курулушу жөнүндө макулдашууну ратификациялады

Президент Садыр Жапаров Россия менен Кыргызстанда 9 мектептин курулушу жөнүндө макулдашууну ратификациялады.

 

Тышкы иштер министрлигине россиялык тарапты Кыргызстан бардык ички процедураларды аткарганын билдирип коюу тапшырмасы берилди.

 

Эске салсак, макулдашууга ылайык, мектептер ар бир облуста бирден жана Бишкек, Ош шаарларында курулат. Ар бири 1 миңден ашык окуучуга чакталат. Бул мектептерде билим берүү кыргыз жана орус стандарттары боюнча жүргүзүлөт.