«Коопсуз шаар» системасы Кыргызстандын бардык аймагында иштеп баштайт

«Коопсуз шаар» системасы Кыргызстандын бардык аймагында иштеп баштайт. Бул тууралуу Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

 

Бул багытта жер-жерлердеги ички иштер башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө тиешелүү тапшырмалар берилди.

 

Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорун Ички иштер министрлигине өткөрүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги 10 күндүн ичинде ИИМге “Коопсуз шаар” автоматташтырылган маалыматтык системасын өткөрүп берет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.