Миң-Куштагы “Туюк-Суу” уран калдыктары сакталган жайды зыянсыздандыруу иштери быйыл аяктайт

Миң-Куштагы “Туюк-Суу” уран калдыктары сакталган жайды зыянсыздандыруу иштери быйыл аяктайт. Бул тууралуу “Росатом” корпорациясынын сайтында кабарланды.

 

Маалыматка ылайык, Миң-Кушта “Дальнее” калдык сактоочу жайын консервациялоо, ал эми “Туюк-Сууну” толугу менен жоюу иштери жүрүүдө. Ошондой эле “Росатом” 2025-жылы Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы уулуу калдыктар сакталган жайдагы иштерди улантат.

 

Бул жерде 2019-жылы консервациялоо иштери жыйынтыкталганы белгиленди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.