Мэрия ордо калаанын жаңы башкы планын иштеп чыгууга киришти

Бишкек мэриясы ордо калаанын жакынкы 15-20 жылга жаңы башкы планын иштеп чыгууга киришти.

Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы башкы планды иштеп чыгуу үчүн техникалык тапшырмаларды даярдоо боюнча жумушчу топ түзүлгөнү айтылды.

Мындан тышкары, шаар бийлиги жашылдандыруу, ирригациялык тармактарды жакшыртуу, ошондой эле борбор калааны көрктөндүрүү боюнча иштерди талкуулоону улантууда.