Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмирлигине болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 30-ноябрдан 3-декабрга чейин Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) болгон иш сапары аяктаганын маалымат кызматынан билдиришти.
Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчы Дубайда БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык тармактарда кызматташууну активдештирүү маселелерин талкуулашты.
1-декабрда Садыр Жапаров климат боюнча иш-аракеттердин дүйнөлүк саммитинин ачылыш аземине катышты.
Климат боюнча иш-аракеттердин дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн Expo City Dubai көргөзмө борборуна келген делегация башчыларын БАЭ президенти шейх Мухаммед бин Заед аль-Нахайян жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.
Ушул эле Климат боюнча иш-аракеттердин дүйнөлүк саммитинин аянтчасында Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолукту.
Өлкөлөрдүн лидерлери эки тараптуу кыргыз-моңгол кызматташтыгын ар кыл тармактарда кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулап, келечектеги биргелешкен өз ара кызматташуунун артыкчылыктарын белгилешти.
Андан кийин президент БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги сегментинде сөз сүйлөп, анда келечек муундардын жашоосуна жакшы таасир тийгизиш үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
Ал белгилегендей, эксперттердин баамында, абанын температурасы планетанын орточо көрсөткүчүнөн кескин жогорулашы бүтүндөй Борбор Азиядагыдай эле Кыргызстанда да байкалууда. Кыргызстандын жана Борбор Азиянын тоолуу экосистемаларында жайгашкан мөңгүлөр суу-энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу, экологиялык туруктуулук үчүн өтө маанилүү.
Ошондой эле Жапаров Климат боюнча иш-аракеттердин дүйнөлүк саммитинин аянтчасында бир катар өлкөлөрдүн жетекчилиги менен, атап айтканда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Словениянын президенти Наташа Пирц-Мусар жана Пакистандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Анвар-уль-Хак Какар менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Андан соң мамлекет башчысы Адаптация боюнча глобалдык жыйынтык чыгаруу боюнча жогорку деңгээлдеги комитеттин биринчи отурумунда “Тоолуу өлкө катары Кыргыз Республикасынын климаттын өзгөрүшүнө карай ыңгайлашуусу” деген темада сөз сүйлөдү.
Жапаров өз сөзүндө эл аралык коомчулукту тоолуу өлкөлөрдүн климаттык жана тоо экосистемасынын экологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган аракеттерин колдоого чакырды.