Бишкектеги Красный строитель конушу жарыктандырылды

Бишкектеги Красный строитель конушу жарыктандырылды. Мэриядан билдиришкендей, иштер конуштун Үч-Когон, Чоң-Коргон, Гончарный көчөлөрүндө жүргүзүлдү.

 

Маалыматка ылайык, аталган көчөлөргө кубаттуулугу 100 Вт болгон 42 светодиоддук чырактар орнотулуп, 1400 метрге жакын өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (SIP) тартылды.

 

Бул багыттагы иштер улантылат.