Папан суу сактагычында чакан ГЭС курулат

Папан суу сактагычында чакан ГЭС курулат. Өкмөттөн билдиришкендей, курулуш ишине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров капсула салды. Гидроэлектрстанциясынын кубаттуулугу 25 МВт, жылына орточо 103 млн кВт/саат электр энергия өндүрөт.

 

Инвестициянын суммасы 27 миллион долларды түзөт. Чакан ГЭСтин курулушу 2027-жылдын март айында аяктайт деп пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.