Кыргызстанда электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү керектөө көлөмү азайганда токтотулат

Кыргызстанда электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү керектөө көлөмү азайганда токтотулат. Бул тууралуу novosti.kgге Улуттук электр станциялары ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Бул калктын электр энергиясын үйлөрдү жылытуу максатында колдонуп жаткандыгына байланыштуу.

 

Жабдууларга күч келип, алар иштен чыгып жатат. Күтүлгөндөй, аба табы бир аз жылыса, электр  энергиясын колдонуу көрсөткүчү азайып, жарык үзгүлтүксүз берилип калат, — дешет энергетиктер.