Батирдеги температура +18 градустан төмөн болгон бишкектиктерге жылуулук үчүн кайра эсептөө жүргүзүлөт

Батирдеги температура +18 градустан төмөн болгон бишкектиктерге жылуулук үчүн кайра эсептөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан билдиришти. Учурда калыбына келтирүү иштери аяктады.

 

Жылуулук тиешелүү норма боюнча берилип жатат. Ал эми үйдөгү температура 18ден төмөн болсо, керектөөчү чалуу борборуна арыз калтырышы керек.

 

Эске салсак, буга чейин авариядан кийин жылуулуксуз жана ысык суусуз калган абоненттерге кайра эсептөө жүргүзүлө турганын Энергетика министрлигинен убадалашкан.