Баткен, Нарын, Талас жана Чүйдө бир катар айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталды.
Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, Лейлектеги Карл Маркс айылы — Биримдик, Эски-Оочу айылы — Манас, Ленин айылы — Исхак Раззаков, Андарак айылы — Ак-Таш деп өзгөртүлөт. Таластагы Кара-Сай айылы Бакайыр деп, ал эми Чүйдөгү Садовое айылы Масымкан деп аталат.
Долбоор улуттук идеологияны чыңдоого, айылдарга өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү болгон аталыштарын кайтарып берүүгө багытталган.