Кыргызстанда жыл башынан бери кой эти 68 сомго кымбаттады

Кыргызстанда жыл башынан бери кой эти 68 сомго кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети келтирет.

 

Ага ылайык, январда өлкө аймагында аталган эттин түрүнүн килограммы 13 пайызга арзан, же 528 сомго сатылса, учурда баа 597 сомго жетүүдө.

 

Ал эми июнь айынын башынан бери эле кымбаттоо 8 сомду түздү.