Бүгүн Бишкекте троллейбустар кайра иштебейт

Бүгүн Бишкекте троллейбустар кайра иштебейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, таңкы саат 8ден күндүзгү 11ге чейин бардык троллейбус каттамдары токтотулат. Буга ШКУ өлкөлөрүнүн кезектеги жыйыны себеп болууда.

 

Эске салсак, 25нен 27-октябрга чейин КМШ, Шанхай кызматташтык уюму жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин өкмөт башчыларынын жыйынына байланыштуу борбор калаада унаа кыймылына чектөөлөр киргизилген.