Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги такси кызматындагы жогорку баалар боюнча текшерүүсүн баштады

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги такси кызматындагы жогорку баалар боюнча текшерүүсүн баштады. Буга чейин жарандардан ашыра кымбат тарифтерге байланыштуу көптөгөн арыздар түшкөн.

 

Ведомство маалыматына ылайык, адистер керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамды анализдеп, такси кызматына тарифтерди орнотуу боюнча маалыматты изилдеп жатат.

 

Андан кийин тиешелүү чечим чыгарылат. Белгилеп кетсек, соңку мезгилде Бишкекте такси кызматынын баасы кескин кымбаттаганы катталууда.