Бишкекте дагы бир “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды

Бишкекте дагы бир “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды. Ал №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги филиалында уюштурулду.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул ордо калаада ачылган 19-мамлекеттик дарыкана, ал эми республика боюнча учурда 88 дарыкана иштейт. Аларда дары-дармекти 10-20 пайызга арзан сатып алса болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.