Атырга ууланганы айтылган Оштогу окуучулардын абалы канааттандырарлык

Оштун Кара-Суу районунда ууланып, ооруканага түшкөн окуучулардын абалы канааттандырарлык.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ооруканага түшкөн 18 баланын 13ү дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйүнө чыгарылды.

Ал эми жандандыруу бөлүмүндө жаткан беш окуучу травматология бөлүмүнө которулганы белгилүү болду.

Кечээ Ошто 43 окуучу ууланып ооруканага жеткирилген.

Алар атырга ууланганы айтылууда.

Учурда жагдайдын себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.