Кыргызстандыктар эми гепатиттин В жана С түрүнөн бекер дарылана алышат

Кыргызстанда гепатиттин вирустук В жана С түрлөрүн акысыз диагностикалоо жана дарылоо кызматтары ачылганын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору билдирди.
Дарттын алгачкы диагностикасы боюнча кызмат көрсөтүүлөр жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборундагы дарыгердин жолдомосу менен бардык кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болот. Оору аныкталса кошумча текшерүү жалпы практикалык борборлордо же үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жүргүзүлөт.
Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборлорунда (мурдагы СПИД борборлору) вирустук гепатитке анализ жүргүзүү үчүн кан алынбайт. Гепатиттин В жана С түрүн аныктоодо бардык анализдер үчүн кан жашаган жери боюнча гана алынат.
Ал эми бул илдет менен мурдатан жабыркаган бейтаптар жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборуна каттоого турушу керек. Ошондой эле бул дартты дарылоо үчүн ушул жерге катталуу зарыл.
Программанын биринчи этабында кызмат дарыланууга шашылыш түрдө муктаж болгон төмөндөгү кыргызстандыктарга берилет:

трансплантацияга көрсөтмөсү жок боордун фиброзу (циррозу) менен ооругандар;

боорду трансплантациялоодон кийин гепатиттин вирустук В же С түрү менен ооругандар;

вирустук гепатиттин В түрү менен ооруган кош бойлуу аялдар;

коштоочу оор илдети бар (онкологиялык оорулар, ВИЧ, 1 жана 2 типтеги кант диабети, бронх астмасы, шизофрения, органдарды трансплантациялоодон кийинки бейтаптар, өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги жана башкалар);

майыптар.

Калган категориядагы бейтаптар кезекке турат. Аларды дарылоо 2023-жылдын экинчи жарымында дары-дармек сатылып алынгандан кийин жүргүзүлмөкчү.
Гепатиттин аталган түрлөрүнөн дарылоо боюнча акысыз кызматтардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:

дарыгерлердин консультациясы;

вируска каршы дары-дармек менен камсыз кылуу (дарыларды берүү дарыгердин көрсөтмөсү боюнча ай сайын жүргүзүлөт);

негизги клиникалык жана биохимиялык көрсөткүчтөр;

дартты үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ИФА методу менен аныктоо;

ПЦР методу менен вирустук гепатит жана ВИЧке каршы күрөшүү борборлорунда аныктоо.

Мындан башка лабораториялык жана аспаптык изилдөөлөрдүн айрым түрлөрү (УЗИ, фиброскан, MРТ жана башка) бейтаптын эсебинен жүргүзүлөт.
Гепатиттин В жана С вирустук түрүн диагностикалоо жана дарылоо боюнча кызматтарды ВИЧке каршы күрөшүү боюнча республикалык, облустук жана Бишкектеги борборлор ишке ашырат.