Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 8 миң адамга чукулдады

Кыргызстанда 8-аперлге карата кызамык оорусунун 7 миң 864 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактикалык борборунан билдиришти.

 

Аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, Бишкек шаары боюнча 2 599, Ош шаарында 464, Ош облусунда 1 226, Баткен облусунда 214, Чүй облусунда 1 836, Жалал-Абад облусунда 1 196, Ысык-Көл облусунда 130, Талас облусунда 105 жана Нарын облусунда 94 учур катталды.

 

«Мурдагыдай эле оору Бишкек шаарында, Чүй, ошондой эле Жалал-Абад облустарында жайылып жатат. Бул аймактарда оорулуу адамдардан вирусту жуктуруп алчу адамдар көп экени мына ушундай көрсөткүчкө себеп болууда», — деп айтылат маалыматта.