Бишкекте дагы бир балдар ооруканасы ачылат

Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын имаратында дагы бир балдар поликлиникасы ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаилов билдирди.

 

Анын айтымында, учурда имаратта оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

 

Оорукананы 2024-жылдын башында пайдаланууга берүү пландалууда.