Бишкекте парковкалардын баасын 100 сомго чейин көтөрүү сунушталды

Бишкекте парковкалардын баасын 100 сомго чейин көтөрүү сунушталды. Мэриянын демилгеси коомдук талкууга чыкты. Ага ылайык, ордо калаадагы унаа токтотуучу жайлардын кызмат көрсөтүүлөрүнө сааттык төлөм киргизилет.

 

Шаардын негизги бөлүгүндө унаа токтоочу жайлардын биринчи сааты үчүн төлөмдү 25 сом жана андан кийинки сааттар үчүн тарифти 40 сомдон 100 сомго чейин белгилөө пландалууда.

 

Мындай сунуш калаада унаа тыгындарды жана жол кырсыктарын азайтуу максаты менен шартталды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.