Чүй облусунун Заречное айылындагы Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш унаа жолуна жаңы көпүрө курулат

Чүй облусунун Заречное айылындагы Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш унаа жолуна жаңы көпүрө курулат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Ала-Арча дарыясынан өткөн көпүрөнү демонтаждоо иштери жүрүүдө.

 

Бүгүнкү күндө көпүрөнүн негизин салуу үчүн котлован казуу иштери толугу менен аяктап, бетон аралашмасын куюу иштери пландалып жатат.

 

Долбоор боюнча көпүрөнүн узундугу 23 метрди, туурасы 13 метрди түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.