Майлуу-Сууда суу жана жылуулуксуз калгандар үчүн убактылуу жай ачылды

Майлуу-Сууда суу жана жылуулуксуз калгандар үчүн убактылуу жай ачылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тургундар үчүн шаардык ооруканада жана окуу жайдын жатаканасында жалпы 102 орундук даярдалды.

Бул жерлер жарандарды 24 саат бою кабыл алуу даяр.

Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик тарабынан 60 адам баш калкалоочу жай ачылды.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 12-январда катуу сууктан улам суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.

От казандардын иштен чыгышына алып келген авария боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон, учурда тергөө жүрүүдө.

Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланган.