Бишкекте 3 миңден ашык аз камсыз үй-бүлө көмүрдүн ордуна компенсация алды

Бишкекте 2022-2023-жылдарга жылуулук берүү мезгилинде 3 миң 297 аз камсыз болгон үй-бүлө катуу отундун ордуна акчалай компенсация алды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, алдыдагы жылытуу мезгилине калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн отун базаларына 136,1 миң тонна көмүр жеткирүү, 4 миң 25 аз камсыз үй-бүлөгө акчалай компенсация берүү пландаштырылууда.