Энергетика министрлиги Социалдык фонд менен биргеликте “Күн кубат” долбоорун ишке ашырат

Энергетика министрлиги Социалдык фонд менен биргеликте “Күн кубат” долбоорун ишке ашырат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Анын айтымында, программанын алкагында аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн турак-жайына 5-10 киловаттык күн панелдери орнотулат. Жарандар андан электр энергиясын алат, ал эми ашып калса, мамлекетке сатса болот.

 

Ибраев белгилегендей, учурда өлкөдө кичи генерация үчүн лицензияны жокко чыгарган мыйзам киргизилүүдө.