Германия төрт күндүк иш графигине өтүшү мүмкүн

Төрт жумушчу күн жана үч күн эс алуу. Мындай графикти ар бир кызматкер кыялданса керек.

 

Германияда 50 компаниянын катышуусунда ушундай эксперимент өткөрүү пландалууда. Кызматкерлер жумасына төрт гана күн иштешет, бирок мурдагыдай эле айлык алышат.

 

Долбоордун максаты — альтернативдүү моделди сыноо жана натыйжаларга илимий баа берүү.

 

Жакында жүргүзүлгөн сурамжылоо Германияда респонденттердин 80 пайызы төрт күндүк иш аптасын жактай турганын көрсөттү.