Кыргызстан тамеки ташууга тыюу салууну пландап жатат

Кыргызстан тамекини ташып келүүгө, транзитке же реэкспорттоого алты айга тыюу салууну пландап жатат.

 

Министрлер кабинетинин тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга чыкты. Убактылуу чектөө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге тиешеси жок.

 

Белгиленгендей, документ жарандардын ден соолугун жасалма, сертификаты жок тамекилерден коргоо, ошондой эле аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү максатында иштелип чыккан.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.