Бишкектеги суу тартыштыгын жоюу үчүн 500 миллион сом керек. Бул тууралуу мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Жогорку Кеңеш Бишкек жана анын жака-белиндеги конуштардагы суу таңкыстыганан улам жаралган маселени чукул карап жатат. Анда көйгөйдү чечүү үчүн жаңы суу топтогон жайлар курулушу керектиги, учурда жерлерди трансфармациялоого байланыштуу иш-аракеттер көрүлүп жатканы айтылды.
Белгилеп кетсек, ордо калаада күн ысыгандан бери айрым райондун тургундары бир нече күндөн бери суу чыкпай жатканына арызданышууда.