Кыргызстанда алты жашка чыккан балдар нөлүнчү класска барышы керек

Кыргызстанда алты жашка чыккан балдар нөлүнчү класска барышы керек. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин Мектептеги, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарган Айнура Кусеинова билдирди.

 

Анын айтымында, бул балдар кийинки жылы дароо 2-класска отурат.

 

Программа буга чейин эле бар болчу, бирок айрым балдар бала бакчага да, мектепке да барчу эмес. Эми сентябрдан тарта алтыга чыккан балдар милдеттүү түрдө нөлүнчү класска барышы керек болот, — деди Кусеинова.