Кыргызстанда мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу үчүн айып киргизүү сунушталды

Кыргызстанда мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу үчүн айып киргизүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга Билим берүү министрлиги алып чыкты.

 

Документ мектеп окуучуларынын укуктарын жана эркиндигин коргоого багытталган.

 

Анда билим алууга укукту чектөө үчүн, баланы мектепке кабыл алуудан баш тартуу үчүн жана директор, мугалимдер тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу үчүн айып салуу сунушталды.

 

Айыптын суммасы  15 миңден 30 миң сомго чейин жетет.