Мектептерде 1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат

Мектептерде 1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат.

 

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Каттоо mektep.edu.gov.kg автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.

 

Биринчиси – жашаган жери боюнча 8-апрелден 2-июнга чейин болсо, экинчи этап анык жашаган жери боюнча 3-июндан 30-августка чейин өтөт.