Кыргызстанда автогаздын жетишсиздиги сакталууда

Кыргызстанда автогаздын жетишсиздиги сакталууда. Айрым станцияларда узун кезектер жаралып жатат. Жыл башынан бери унаа газынын баасы 20 пайызга же бир литрине 7 сомго кымбаттады.

 

Мындай абал дүңүнөн жеткирүү көлөмү кыскарып, ал эми керектөө тескерисинче көбөйгөнүнө байланыштуу жаралды. Жеткирүүчүлөр менен жаңы келишимдер түзүлдү.

 

Андыктан, автогаз менен абал өлкөдө сентябрдын ортосунда калыбына келет, — дешти Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматынан.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.