Кыргызстандагы алгачкы шамал станциясы Ысык-Көл облусунун Ак-Өлөң айылында курулат

Кыргызстандагы алгачкы шамал станциясы Ысык-Көл облусунун Ак-Өлөң айылында курулат. Электрстанциянын кубаттуулугу 60 мегаватты түзөт. Бул үчүн ата мекендик компания 30дан ашык шамал турбиналарын курууну пландап жатат.

 

Долбоорго ылайык, шамал паркы Ысык-Көл облусунун бир бөлүгүн электр энергиясы менен камсыздайт, ал эми ашып калган көлөмдү экспорттоо пландалууда.

 

Компания бир катар мамлекеттик органдардан уруксат алып, курулуш алдына жер тилкеси дагы бөлүндү. 49 жылга ижара келишими түзүлгөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.