Орто-Токой ГЭСин курууга даярдык иштери кызуу жүрүүдө

Орто-Токой ГЭСин кура турган жумушчулар үчүн атайын шаарча курулуп, 45 киши жеринде жашап жана иштеп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

 

Ошондой эле жумушчу топ ГЭСти курууга даярдык иштеринин алкагында суу, электр энергиясы менен камсыз болуп, жол салынууда. Эми сентябрь айында туннель казуу үчүн жардыруу иштери жүргүзүлөт.

 

Эске салсак, былтыр март айында «Чакан ГЭС» ишканасы менен кытай компаниясынын ортосунда долбоорду толугу менен ишке ашыруу жөнүндө келишимге кол коюлган. Ага ылайык, ГЭСти куруу мөөнөтү 3 жылды, ал эми анын жалпы кубаттулугу 21 мегаватты түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.