Кыргызстан жылуулук мезгилинде Россиядан электр энергиясын импорттойт

Кыргызстан жылуулук мезгилинде Россиядан электр энергиясын импорттойт.

Тиешелүү макулдашууга бүгүн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында кол коюлганын Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, расмий Бишкек 2023-2024-жылдагы жылуулук сезонунда 875 миллион кВт саат электр энергиясын сатып алат.

Белгиленгендей, электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим жергиликтүү жоопкерчилиги чектелген коом, россиялык компаниялар тобу жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун ортосунда түзүлдү.