Жогорку Нарын ГЭСтер каскады британиялык компания менен биргеликте курулат.
Энергетика министрлиги чет элдик ишкана менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду.
Долбоор өзүнө 4 гидроэлектрстанцияны – Акбулуң, Нарын – 1,2 жана 3тү камтыйт.
Алардын электр энергиясын жылдык орточо иштеп чыгуусу 940 милион киловатт-сааттан ашат.
Курулуш Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгын жоюу долбоорунун бир бөлүгү экени белгиленди.