Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого ЕРӨБ 13,8 млн евро бөлөт

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого Европа кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы дээрлик 14 миллион евро бөлөт.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тиешелүү келишимге кол коюлду.

Макулдашууга ылайык, Лебединовка гидроэлектростанциясын реабилитациялоонун 5 миллион евросу грант болот.

Долбоорду ишке ашыруу электр энергиясын өндүрүүнү жылына 56 пайызга көбөйтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.