Кыргызстанда электр энергиясы инфляцияга жараша жыл сайын кымбаттап турат

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы инфляцияга жараша жыл сайын кымбаттап турат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Чиновник энергетикага чукул кырдаал киргизүү сунушу тууралуу да түшүндүрмө берди. Анын айтымында, кырдаалдын бааларга тиешеси болбойт. Ал чукул кырдаал шартында чакан ГЭСтерди куруу үчүн жер маселесин чечүү оңоюраак болот деди.

 

Эске салсак, өлкөдө электр энергиясы быйыл 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат 1 сом болду. Ал эми 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт.