Ош шаарында дагы бир көчө оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Ош шаарындагы Зайнабетдинов көчөсү толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөдө соода-сатык жана коомдук тамактануучу жайларды талапка шайкеш келтирүү, жашыл аймактарда тамчылатып сугаруу тутумун орнотуу, тротуарларга таман таштарды басуу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу, жашылдандыруу боюнча ар тараптуу жумуштар жүргүзүлгөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.