Ордо калаанын 145 жылдыгына карата иш-чаралар Бишкекте апрелдин башынан бери өтүүдө.
Вице-мэр Виктория Мозгачева билдиргендей, расмий старт 2-апрелде веложарыш менен башталды.
Андан кийин ар кандай көргөзмөлөр жана спорт мелдештери өткөрүлүп жатат. Ал эми 29-апрелде филармонияда чакырылган коноктор менен расмий бөлүк башталат. Кечки саат 6да Ала-Тоо аянтында жергиликтүү ырчылардын катышуусу менен концерт тартууланат.