Өлкөдө “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 13 миң үй-бүлө мамлекеттен каржылык колдоо алды.
Бизге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, программанын аркасынан кошумча 26 миңдей жумуш орундары пайда болду.
Эске салсак, “Социалдык келишим” долбоорунун катышуучулары “үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алгандардын арасынан тандалып алынат. Аларга чакан ишкерликти баштоого 100 миң сомдон берилет.