2023-жылы АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 6 сомго кымбаттады

2023-жылы АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 6 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Өткөн жылдын башында аталган күйүүчү майдын бир литри 65 сом 50 тыйындан сатылса, жыл аягында наркы 71 сом 40 тыйынга жеткен.

 

Ал эми АИ-92 бензини 3,5 сомго, дизелдик отун дээрлик 4 сомго кымбаттаган.