Энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонууга ылайыктуу жерлер аныкталат

Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонууга ылайыктуу жерлер аныкталат.

 

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул ишти атайын түзүлгөн комиссия жүргүзөт.

 

Ага ылайык, жергиликтүү бийлик органдарына келечектүү багыттар боюнча алдын ала маалымат даярдоо, ошондой эле комиссиянын аймактардагы иштерине ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.