Ошто селден жабыркагандарга кенемтелер берилди

Ошто селден жабыркагандарга кенемтелер берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Ош шаарында жана Кара-Суу районунда июль айында селдин кесепетинен жабыркаган 41 учур катталган. Жалпысынан 6 млн 632 миң сом төлөндү. Табигый кырсыкта 9 үй толугу менен жараксыз болуп калган. Ар бир үйдүн кожоюндары 500 миң сомдон алышты.

 

Белгилеп кетсек, компенсация буга чейин турак жайын камсыздандыргандарга берилди. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан такташкандай, жыл башынан бери өлкө боюнча 182 турак жай өрттөн жана табигый кырсыктан жабыркаган, аларга 22 млн 165 миң сомдон ашык акча төлөндү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.