Суусамыр-Талас-Тараз жолун оңдоо боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеш Суусамыр-Талас-Тараз жолун оңдоо боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Анын алкагында Сауд өнүктүрүү фонду, Эл аралык өнүктүрүү фонду жана Ислам өнүктүрүү банкы менен кредиттик макулдашуу ратификацияланды.

 

Жалпысынан дээрлик 93 чакырым жолду оңдоо пландалууда.

 

Бул максаттарга донорлор 95 миллион доллар бөлөт. Кыргызстан өз каражатынан да 10 млн доллар сарптайт.

 

Долбоор ошондой эле жарыктандыруу, тротуарлар, түтүктөр, сугат арыктары, аялдамалар жана башкаларды орнотууну камтыйт.