Кыргызстандын кооз жайларын онлайн форматта дагы көрсө болот

Кыргызстандын кооз жайларын онлайн форматта дагы көрсө болот. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 15 панорамалык камера иштеп жатат.

 

Алардын жардамы менен шаарларды, тоо кыркаларын, тарыхый эстеликтерди, улуттук парктарды реалдуу убакыт режиминде көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ведомство жакын арада камералардын санын 100гө жеткирүүнү пландап жатат.