“Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 3 миллиард 298 миллион сом насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 3 миллиард 298 миллион сом насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, насыяны республиканын 7 миң 336 айылдык товар өндүрүүчүлөрү алды.

 

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, насыялоонун көлөмү 3 миллиард 300 миллион сом.