Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйүндө 35 жаштагы аял үч эм төрөдү. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул анын төртүнчү төрөтү.

 

Маалыматка ылайык, ымыркайлардын бирөө кыз, экөө эркек.

 

Учурда эне менен балдардын абалы канааттандырарлык экени маалымдалды.