Оштогу “Бакыт үйүндө” пилоттук долбоор ишке кирди

Оштогу “Бакыт үйүндө” мамлекеттик кызматтарды жаңы форматта көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирди. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, эми чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар ал жерге катталып, жашоого уруксат ала алышат.

 

Ошондой эле Кыргызстандын жарандыгын алуу жана андан чыгуунун жол-жоболору да бар. Мындай долбоор 1-ноябрга чейин уланат. Ал түштүк борбордо жашаган чет элдиктер үчүн мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.